Билги — электронная библиотека ОшГУ
Войти
Разделы и фильтры

Открытые архивы

1

Научные статьи, диссертации и другие материалы Ошского государственного университета

  • Статей: 1
Найдено материалов: 1

СтатьяГуманитарные науки · Педагогические

ПАНДЕМИЯ УЧУРУНДАГЫ ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ: КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ПЕРСПЕКТИВАЛАР.

ОРОЗБАЕВ А.М.1, КУРМАНБЕК У.Т.2, АРКАБАЕВ Н.К.1, ЭШАРОВ Э.А.2

ИЗВЕСТИЯ ВУЗОВ КЫРГЫЗСТАНА

Акыркы жылдарда маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүшү дистанттык билим берүүнүн бардык баскычтарында окуу процессинде олуттуу өзгөрүүлөргө алып келди. Заманбап «Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын (МКТ)» эң негизгиси - бул компьютер, тиешелүү программалык камсыздоо жана телекоммуникация каражаттары, аларда жайгаштырылган маалымат базасы. Дайыма өркүндөтүлгөн техникалык каражаттар жана тез өнүгүп жаткан программалык камсыздоо билим берүү тармагында, мисалы, дистанттык окутууда методикалык маселелердин кеңири спектрин чечүү үчүн МКТга негизделген системаларды түзүүгө мүмкүндүк берет. Дистанттык окутуу технологиялары же окутуу системалары билимди берет, окуу же практикалык иш-аракеттердин көндүмдөрүн түзөт, окуу материалын өздөштүрүү даражасын контролдойт, окутууну зарыл деңгээлин камсыз кылат. COVID-19 пандемиясы улуттук билим берүү системасына олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизүүгө дуушар кылды. Аралыктан окутууну уюштурууда, бүткүл дүйнө боюнча ар тараптуу талкуулар жүргүзүлдү. Дистанттык окутуунун практикалык кемчилдиктери аныкталып, аны ишке ашырууда колдонулуучу усулдарга жана ыкмаларга байланыштуу көйгөйлөр жана перспективалар иштелип чыкты. Ошондой болсо да, менин оюумча, билим берүүнүн негизги максаты, «билим алуучунун жашоонун оош-кыйыштарындагы чакырыктарына жана эске алынбаган кыйынчылыктарына даярдоо маселелери» өз түпкү маанисин жоготпогондугун белгилөө абзел.

ЧитатьОткрытый доступ