Билги — электронная библиотека ОшГУ
Войти
Разделы и фильтры

Научные статьи

3
Найдено материалов: 3

СтатьяГуманитарные науки · Педагогические

ПАНДЕМИЯ ШАРТЫНДА ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН КӨНДҮМ ТАЖРЫЙБАСЫНАН АЛЫНГАН САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАЛДОО

ОРОЗБАЕВ А.М.1, ЭШАРОВ Э.А.1, КУРМАНБЕК УУЛУ Т.1, ТУРГАНБАЕВА А.Б.2

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

Салттуу билим берүүдө «Информатика» окуу предмети, мугалимдин бул предметти окуп жаткан студенттер менен болгон байланыш ишине көп сааттар талап кылынат. Пандемия башталып кеткендигине байланыштуу, окутуучулар менен студенттердин арасындагы байланышты камсыздоо үчүн техникалык каражаттарды тандоо зарыл болгон. 2020-2021-окуу жыл ичинде жана 2021-2022-окуу жылынын кышкы семестринде бул дисциплина аралаш, салттуу жана дистанттык форматтарда окутулду. Программалоону окутуп-үйрөтүү үчүн билим берүүдө пандемия шартында иштеп кетүүгө педагогикалык тажрыйба жана жаңы маалымат технологиясын пайдалануу боюнча дагы тажрыйбалар жыйналды. Бул макалада үйрөнүчүлөр менен өз-ара онлайн байланышты уюштуруучу кызматтарга жана Маалымат технологиясына сарасеп салынып, биз тараптан коолдонулган технологиялар, алардын артыкчылыктары жана кемчиликтери жазылат, дисциплинаны окутуунун сапатына жана программалоого байланышкан аралаш жана дистанттык окутуу боюнча изилдөө суроолору коюлат жана аларды өркүндөтүү жолдору боюнча тыянакттар чыгарылат.

ЧитатьОткрытый доступ

СтатьяГуманитарные науки · Педагогические

ПАНДЕМИЯ УЧУРУНДАГЫ ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ: КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ПЕРСПЕКТИВАЛАР.

ОРОЗБАЕВ А.М.1, КУРМАНБЕК У.Т.2, АРКАБАЕВ Н.К.1, ЭШАРОВ Э.А.2

ИЗВЕСТИЯ ВУЗОВ КЫРГЫЗСТАНА

Акыркы жылдарда маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүшү дистанттык билим берүүнүн бардык баскычтарында окуу процессинде олуттуу өзгөрүүлөргө алып келди. Заманбап «Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын (МКТ)» эң негизгиси - бул компьютер, тиешелүү программалык камсыздоо жана телекоммуникация каражаттары, аларда жайгаштырылган маалымат базасы. Дайыма өркүндөтүлгөн техникалык каражаттар жана тез өнүгүп жаткан программалык камсыздоо билим берүү тармагында, мисалы, дистанттык окутууда методикалык маселелердин кеңири спектрин чечүү үчүн МКТга негизделген системаларды түзүүгө мүмкүндүк берет. Дистанттык окутуу технологиялары же окутуу системалары билимди берет, окуу же практикалык иш-аракеттердин көндүмдөрүн түзөт, окуу материалын өздөштүрүү даражасын контролдойт, окутууну зарыл деңгээлин камсыз кылат. COVID-19 пандемиясы улуттук билим берүү системасына олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизүүгө дуушар кылды. Аралыктан окутууну уюштурууда, бүткүл дүйнө боюнча ар тараптуу талкуулар жүргүзүлдү. Дистанттык окутуунун практикалык кемчилдиктери аныкталып, аны ишке ашырууда колдонулуучу усулдарга жана ыкмаларга байланыштуу көйгөйлөр жана перспективалар иштелип чыкты. Ошондой болсо да, менин оюумча, билим берүүнүн негизги максаты, «билим алуучунун жашоонун оош-кыйыштарындагы чакырыктарына жана эске алынбаган кыйынчылыктарына даярдоо маселелери» өз түпкү маанисин жоготпогондугун белгилөө абзел.

ЧитатьОткрытый доступ

СтатьяГуманитарные науки · Педагогические

ЭЛЕКТРОНДУК ОКУУ КИТЕБИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЗАМАНБАП КУРАЛЫ

ЭРКЕБАЕВ Ж.С.1, КОЧКОНБАЕВА Б.О.1, ОРОЗБАЕВ А.М.1

ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫН МАТЕМАТИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ИНТЕГРАЦИЯЛОО Ош, 13–14 октября 2023 года

Бул макалада электрондук окуу китебинин окуу процессиндеги орду жана билим алууга тийгизген таасири баяндалды. Билим алуу процессине заманбап каражаттарды кийирүү менен биз келечек муундун туура ой жүгүртүүсүнө жана дүйнөлүк практикадан артта калбоосуна шарт түзөбүз.

ЧитатьОткрытый доступ